super.kg logo

Ысык-Көл жээгинде мыйзам бузуу фактылары боюнча текшерүү башталды

 

Тамчы айылында жайгашкан айрым курулуш компаниялары тарабынан Ысык-Көлдүн акваториясына кум жана топурак төгүлгөнү тууралуу маалыматтар интернетте тарады. Бул боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына расмий арыздар түшкөн.

Аталган фактыларга байланыштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан пландан тышкары текшерүү иштери башталды. Текшерүү "Елизавета", "Урпак Резорт" жана "Авангард Стиль" компанияларына карата жүргүзүлүүдө.

Расмий маалыматка ылайык, текшерүү 23-апрелден тарта Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин макулдугу менен башталган.

Учурда адистер жээк тилкесиндеги өзгөрүүлөрдү аныктоо үчүн маркшейдерлик өлчөөлөрдү жүргүзүп, суу коргоо зонасындагы иштер боюнча документтерди талап кылууда. Белгиленгендей, компаниялар учурда керектүү документтерди толук түрдө бере элек.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөрү айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: