super.kg logo
  Саясат  

"75 адамдын каты": Садыр Жапаров "кырдаал башынан эле көзөмөлдө болчу" деди

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кактус медиага берген маегинде "75 адамдын каты" башынан эле анын көзөмөлүндө болгонун айтты.

"75 адамдын каты" деп аталган иш башталганда, менде ал жөнүндө маалымат бар болчу. Мен бул кайрылуунун Жогорку Кеңешке келип түшүшүн, анын спикерге жана тиешелүү комитеттердин төрагаларына чейин барганын көзөмөлдөп турдум.

Бул мезгилде мен документтин жүрүшү, катышкандардын аракеттери жана ким менен ким жолугушуп жатканы тууралуу маалымат алдым. Парламенттин жалпы жыйынында маселе көтөрүлчү убакка жеткенде, мен тез жана чечкиндүү чараларды көрдүм. Кырдаал башынан эле көзөмөлдө болчу",- деди мамлекет башчы.

Эске салсак, 9-февралда мурдагы саясатчылар, мурдагы депутаттар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, быйыл президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан. 11-февраль күнү кайрылууга кол койгон Курсан Асанов, Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев, Эмил Узакбаев жана Бекболот Талгарбековдор кармалышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: