super.kg logo

ТИМ Европа биримдигинин санкциялары тууралуу билдирүү таратты

 

Тышкы иштер министрлиги Европа биримдигинин Кыргызстандын Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетин айланып өтүүгө каршы деп аталган механизмдин колдонулушу тууралуу билдирүүлөрүн өкүнүч менен кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта "Туруктуу сүйлөшүүлөргө, европалык өнөктөштөр менен үзгүлтүксүз сапарлардын алмашуусуна, ошондой эле Европа комиссиясынын талаптарына ылайык суралган бардык документтештирилген маалыматтардын өз убагында берилишине карабастан, анын ичинде Кыргызстандын мамлекеттик органдары тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтар да берилгенине карабай, кыргыз тараптын позициясы мурдагыдай эле эске алынбай, иш жүзүндө көңүл сыртында калып жатканы олуттуу түшүнбөстүктү жаратат" деп айтылат.

Ошондой эле мындай бир тараптуу чечимдер эки тараптуу калыптанган ишенимди солгундатып гана тим болбостон, Европа биримдигинин Кыргызстан, жалпы Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуу ниеттерине каршы келет.

Өз кезегинде Кыргызстан ачык-айкын, кесипкөй, саясатташтырылбаган диалогду жактайт. Европа биримдигин да салмактуу жана чыныгы конструктивдүү мамиле кылууга, эки тараптын ортосундагы макулдашууларды ишке ашырууга өтүүгө чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: