Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды
Бүгүн, 28-апрелде саат 11:43тө Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалым болгондой, жер титирөөнүн очогу Такталык кырка тоосунда жайгашып, күчү 3,5 баллды түзгөн. Тактап айтканда:
- Көк-Бел айылынан түштүк-чыгышка карай 8 чакырым;
- Кетмен-Төбө айылынан түштүк-батышка карай 12 чакырым;
- Токтогул районунун борборунан түштүк-чыгышка карай 25 чакырым;
- Манас шаарынан түндүк тарапка 80 чакырым аралыкта болгон.
Жер титирөөнүн күчү калктуу конуштарда: Көк-Бел айылында 3 балл, Кетмен-Төбө айылында 2,5 балл болуп сезилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















