super.kg logo

Депутат Бишкектеги айрым ЖОЖдорду Токмокко көчүрүүнү сунуштады (видео)

 

Бүгүн, 29-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медербек Саккараев борбордогу айрым жогорку окуу жайларды Токмок шаарына көчүрүүнү сунуштады.

Жыйында эл өкүлү Токмок шаарындагы көп жылдан бери пайдаланылбай, эскирип бара жаткан имарат Агартуу министрлигинин балансында болгондуктан, шаар мэриясы аны пайдалана албай жатканын билдирди.

"Айрым жогорку окуу жайларды Токмок шаарына көчүрүүнү сунуштайм. Көп эле өлкөлөрдө студенттик шаарчалар бар. Биз да ушундай кадамга барсак, жакшы болмок. Токмок борборго жакын шаар. Мындай ыкма пайдаланылбай турган мамлекеттик имараттарды колдонууга, Бишкек шаарына түшкөн жүктү азайтууга жардам берип, Токмоктун да макамын жогорулатат. Ошондой эле чакан жана орто бизнестер өнүгүп, турак жайды ижарага берүү, кызмат көрсөтүү тармактары өсөт",- деди депутат.

Мындан тышкары, эл өкүлү Токмок шаарына айрым мамлекеттик органдарды көчүрүү керек экенин кошумчалады.






Медербек Саккараев 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: