Чынгыз Токтобеков Венгриянын Стамбулдагы башкы консулу менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консулу Чынгыз Токтобеков Венгриянын Стамбулдагы башкы консулу Ласло Келлер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу башкы консулдуктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар консулдук кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле маданий-гуманитардык багыттагы байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле бул тармактар боюнча пикир алмашуу болду.
Жыйынтыгында туруктуу иш байланыштарды сактоо жана чыңдоо, өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча үзгүлтүксүз маалымат алмашуу, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:59
2026-05-31
11:08
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















