super.kg logo

Иран АКШга Ормуз кысыгындагы операция боюнча эскертти

 

Иран АКШны Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин өтүүсүнө кийлигишүүдөн сак болууга чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Иран парламентинин улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комиссиясынын башчысы Эбрахим Азизи мындай аракеттер ок атышпоо режимин бузуу катары бааланарын билдирген.

АКШнын Ормуз кысыгындагы жаңы деңиз тартибине кандай гана кийлигишүүсү болбосун, бул ок атышпоо режиминин бузулушу катары каралат”,- деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасында.

Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп 3-майда Ормуз кысыгында тыгылып калган кемелерди чыгарып кетүү үчүн “Эркиндик” аттуу операция башталарын жарыялады. Анын айтымында, бул “гуманитардык кадам” болуп эсептелет.

Ошондой эле Трамп операцияга тоскоолдук жаралса, АКШ күч колдонуу менен жооп кайтарарын эскертти.

Буга чейин маалымат агенттиктери Ормуз кысыгында кеме жүрүшү дээрлик токтоп калганын кабарлашкан. Бул кырдаал АКШнын Иран сунуштаган тынчтык планын кабыл албаганы жана соккулар кайра жанданышы мүмкүн деген кооптонуулар менен байланыштуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: