super.kg logo

SUPER.KG‘нин каарманы Шокир мырза Айтым Жакыповдун долбооруна кайтып келди

 

SUPER.KG порталынын каарманы Шокир мырза казакстандык машыктыруучу Айтым Жакыповдун жетекчилигинде кайрадан спортко кайтып келди. Ал машыгууларды баштап, өзүнүн формасын калыбына келтирүүгө киришти.

Буга чейин ал аталган долбоорго катышып, 7 ай аралыгында 250 килограммдан 95 килограммга арыктай алганын билдирип, видео жарыялаган. Бирок орто жолдон долбоордон кетүүгө аргасыз болгон.

Эске салсак, 2025-жылы биздин портал Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына барып, Шокир мырза менен жакындан таанышып келген. Каарманыбыз кызыктуу маек куруп, күнүмдүк жашоосун көрсөткөн.

Шокир мырзанын баштапкы салмагы 280 килограмм болгон. Ал кезде буту шишип, баса албай калган. Андан кийин диета кармап, 250 килограммга түшүп арыктоонун аракетин көрө баштаган.






Шакир

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: