Ала-Арчада япониялык туристтерге жардам көрсөтүлдү
Чүй облусундагы Ала-Арча жаратылыш паркында жайгашкан “Пик Корона” алачыгынан жардам сурап эки жаран кайрылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ал жерде Япониянын эки жаранынын биринин абалы начарлап кеткен. Окуя болгон жерге 8 куткаруучудан турган тоо-куткаруу тобу жөнөтүлгөн.
Куткаруучулар айтылган жерге жетип, жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Экинчи жарандын абалы туруктуу деп бааланган.
Жыйынтыгында эки чет өлкөлүк жаран тоодон түшүрүлүп, Бишкек шаарындагы ооруканага жеткирилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















