super.kg logo

SUPER.KG порталы кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктайт

 

Бүгүн, 9-май – Жеңиштин 81 жылдыгы өлкөдө жогорку деңгээлде белгиленүүдө. Бул күн – совет элинин 4 жылга созулган эң оор, эң кайгылуу Улуу Ата Мекендик согуштагы фашисттик Германиянын үстүнөн жеңишке жетишкен күнү. Бул күнгө байланыштуу өлкө аймактарында ири майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, согуштун жана тылдын ардагерлерине сый-урмат көрсөтүлүүдө.

SUPER.KG порталы жалпы кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктайт. Бул күн миллиондогон адамдардын өмүрү, кайраты жана каармандыгы менен келген улуу тарыхый дата. Улуу Ата Мекендик согушта кыргызстандыктар фронтто да, оорукта да теңдешсиз эрдик көрсөтүп, Жеңишке баа жеткис салым кошушкан.

Биз бүгүнкү бейпил жашоо үчүн жанын арнаган ата-бабаларыбыздын алдында башыбызды ийип таазим кылабыз. Алардын мекенчилдиги, чыдамкайлыгы жана эрдиги ар дайым биздин жүрөгүбүздө сакталат.

Ардагерлерибизге бекем ден соолук, узун өмүр, ал эми элибизге тынчтык, ынтымак жана бакубат жашоо каалайбыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: