Ошто Жеңиш күнүнө карата Санкт-Петербург көчөсү пайдаланууга берилди
Бүгүн, 9-май — Улуу Жеңиш күнүнө карата Ош шаарындагы Санкт-Петербург көчөсү реконструкциядан кийин ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, аталган көчөдө кызыл сызыкка чыккан курулуштар жылдырылып, электр мамычалары жаңыланды. Ошондой эле түнкү жарыктандыруу орнотулуп, тротуар жана ирригациялык тутумдар жасалды.
Ачылыш аземине шаар мэри Жанарбек Акаев, Орусиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү, Өзбекстандын Ош шаарындагы консулдугунун өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
Шаар мэри тургундарды жолдун ачылышы менен куттуктап, азыркы тапта шаарда 50 чакырымга чукул жол жасалып жатканын кошумчалады.
Ошто Жеңиш күнүнө карата Санкт-Петербург көчөсү пайдаланууга берилди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















