Муниципалдык инспекциянын кызматкерлери өрт учурунда адам өмүрүн сактап калышты (видео)
Кечээ, 9-майда саат 16:00 чамасында Бишкектеги 10-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери Эрбол Казиев менен Ыйманбек Алиясов окуя болгон жерге барып, батирдин ичинде калган эркек кишини өрттөн алып чыгышты.
Алдын ала маалымат боюнча, жабырлануучунун денеси 80 пайызы күйүк алган.
Ошондой эле алар жогорку кабатта чыга албай калган аялды коопсуз жерге эвакуациялашты. Куткаруу учурунда кызматкерлер өздөрү да ар кандай деңгээлде уулуу түтүнгө ууланышкан.
Алардын ыкчам аракети өзгөчө кырдаалдар кызматы келгенге чейин тургундарга жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери өрт учурунда адам өмүрүн сактап калышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















