super.kg logo
  Саясат  

Бишкектеги жаңы автобекеттин курулушу августта аяктайт. Садыр Жапаров жерине барды

 
Бүгүн, 10-майда президент Садыр Жапаров Бишкек шаарында курулуп жаткан жаңы заманбап автобекет комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, президентке 9 блоктон турган комплекстин долбоору көрсөтүлдү.
Ага төмөнкүлөр кирет:
  • айдоочулар жана кызматкерлер үчүн мейманкана;
  • кеңири күтүү залы;
  • перрон;
  • административдик имарат;
  • коммерциялык жайлар;
  • шаар аралык жана эл аралык автобустар үчүн унаа токтотуучу жайлар;
  • жеңил жана башка унаалар үчүн өзүнчө токтотуучу жайлар.
Жапаров объектти кыдырып чыгып, курулуштун жана колдонулуучу материалдардын сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын август айына чейин аяктоо күтүлүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: