Токтогулда айыл чарба жерин жараксыз абалга келтирүүгө шектүү кармалды
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда айыл чарба багытындагы жерди жараксыз абалга келтирген деген шек менен 1 жаран кармалды. Бул тууралуу 11-майда облустун милициясынан билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, Торкен айылындагы 0,15 гектар жер тилкеси короо сарай куруу максатында Р.Б. аттуу жаранга мыйзамсыз берилген. Ошондой эле ал өз алдынча 0,31 гектар жердин кыртышын бузгандыгы такталган.
Аталган факт боюнча шектүү жаран мамлекетке 892 миң 800 сом өлчөмүндө зыян келтиргендиги аныкталып, анын үйүнөн ок атуучу курал да табылган.
Айыпталуучуга карата 1 айга камакка алуу чарасы тандалды. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















