"Мурунку мэр чуркатып иштетчү..." Оштун тургуну азыркы мэрге кайрылды (видео)
Бүгүн, 11-майда Ош шаарынын мэри Жанар Акаев Алымбек датка аймактык башкармалыгында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Анда тургундардын бири мэриянын кызматкерлеринин ыкчам иштебей жатканына нааразы болду.
"Жанар мырза, мурунку мэрдин мэриянын кызматкерлерин кандай чуркатып иштеткенин видеороликтерден көрүп жүрөсүздөр. Азыр сиз келгенден бери бир аз бошошуп кетишти. Туурасы ушундай. Элден ушунча көйгөй айтылып жатканы - ошол жетекчилердин чуркабай, кызмат кылбай жатканынын белгиси",- деди тургун.
Калаа мэри Акаев мэриянын түзүмдөрү түнгө чейин иштеп жатканын белгилеп өттү.
"Биздин кызматтар, вице-мэрлер кээде түнкү саат 3кө чейин иштешүүдө. Болгону соцтармакка чыкпай жатышат",- деди мэр.
Жаран Ош мэриясынын кызматкерлеринин ишин сынга алды
Ош мэри жаранга жооп берди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















