Бишкек мэри эрдик кылган мамлекеттик кызматкерлерге сыйлык тапшырды
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Муниципалдык инспекциянын кызматкерлери Ыйманбек Алиясов менен Эрбол Казиевге сыйлыктарды тапшырды.
Борбор калаа бийлиги билдиргендей, алар 9-май күнү 10-кичирайондогу батирден чыккан өрт учурунда тургундарга жардам көрсөтүшкөн. Мындан улам мамлекеттик кызматкерлерге кайраттуулугу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары берилген. Мындан тышкары, аларга акчалай сыйлык тапшырылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















