super.kg logo

Ысык-Көл облусунда көл жээгинде уруксатсыз курулган тосмо боюнча чара көрүлдү

 

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан Тамчы айылында жайгашкан American School балдар лагеринин аймагында комиссиялык текшерүү жүргүзүлгөн.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда У.Э.Д. атуу жаран тарабынан көл жээгин бекемдөө максатында таштардан цемент аралашмасы менен тосмо курулганы, бирок ал үчүн эч кандай долбоор же расмий уруксат документтери алынбаганы аныкталган. Бул аракет Шаар куруу жана архитектура жөнүндө мыйзам талаптарын бузуу катары бааланган.

Жыйынтыгында тиешелүү акт түзүлүп, мыйзам бузуу жоюу боюнча эскертүү берилди. Жаран тосмону өз ыктыяры менен бузуп берерин билдирген.

Министрлик курулуш иштеринде коопсуздук эрежелерин, санитардык нормаларды жана шаар куруу талаптарын так сактоо зарылдыгын эскертти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: