Өлкөдө Тажикстандын Маданият күндөрү өтөт (программасы)
Маданият министрлиги кабарлагандай, Кыргызстанда 17–22-май күндөрү Тажикстандын Маданият күндөрү өткөрүлөт.Маалыматка ылайык, иш-чарага аталган өлкөнүн 94 адамдан турган расмий жана чыгармачыл делегациясы катышат.
Анын алкагында концерттик программалар, сүрөт көргөзмөлөрү, илимий-адабий жолугушуулар жана көркөм тасмалардын көрсөтүлүшү уюштурулат.
Программасы:
18-май
- А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада саат 10:00дө «Турсунзода жана Айтматов: тынчтыктын жана достуктун даңазалоочулары» аттуу илимий-адабий жолугушуу болот
- "Ала-Тоо" кинотеатрында саат 16:00дө «Өмүр керемет» тасмасынын көрсөтүлөт
19-май
- Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болот. Ал саат 10:00дө башталат
- "Ала-Тоо" кинотеатрында саат 14:00до «Рустам тууралуу баян» тасмасы көрсөтүлөт
- Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Тажикстандын маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылыш аземи саат 18:30да орун алат
20-май
- "Ала-Тоо" кинотеатрында «Чындык издеп» тасмасы саат 14:00дө көрсөтүлөт
21-май
- "Рух-Ордо" маданият борборунда саат 18:00дө Тажикстан Республикасынын Маданият күндөрүнүн жабылуу аземи өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















