super.kg logo

Бишкек мэри кытайлык инвесторлор менен жолугушту

 
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кытай мамлекеттик курулуш инженердик корпорациясынын вице-президенти жана "China Construction Fifth Engineering Division Corp" компаниясынын төрагасы Тянь Вэйго баштаган кытайлык инвесторлор менен жолугушту.
Анын жүрүшүндө мэрия менен "China Construction Fifth Engineering Division Corp" компаниясынын ортосунда достук мамилелерди орнотуу тууралуу меморандумга кол коюлду.
Тараптар өнөктөштүктү түзүү жана Бишкектин муниципалдык суу менен камсыздоо системасын модернизациялоо боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле эки саркынды сууларды тазалоочу заводду куруу үчүн кызматташуу ниетин билдиришти.
Мэр административдик-аймактык реформанын алкагында кошулган жаңы аймактарда коммуналдык инфраструктураны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Атап айтканда, суу менен камсыздоо жана канализация системаларын модернизациялоо зарылдыгы баса белгиленди.
Кытай тараптын өкүлдөрү компания инвестиция, курулуш, реконструкциялоо жана инфраструктуралык объектилерди долбоорлоо жаатында ири долбоорлорду ишке ашырып жатканын билдиришти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: