Бишкектеги эстакадалык көпүрөдө оңдоо-түзөө иштери башталды (эскиздер)
Бүгүндөн тарта Бишкектеги Айтматов проспектиси менен Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги эстакадалык көпүрөдө оңдоо иштери башталат. Бул тууралуу мэрия жарыя таратты.
Буга байланыштуу Айтматов проспектисинен Толстой көчөсүнө чейинки, ошондой эле Толстой көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейинки кесилиш убактылуу жабылат.
Мындан тышкары Айтматов проспектисиндеги курулуш иштери жүрүп жаткан жерлерде асфальт төшөө иштерине байланыштуу эстакадалык көпүрөнүн эки тарабына убактылуу тосмолор орнотулат. Жол кыймылына чектөөлөр 15-июлга чейин күчүндө болот.
Акыркы этапта темир тосмолор орнотулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















