super.kg logo

Камчыбек Ташиевдин жана анын тарапташтарынын иши боюнча соттук угуу башталды

 

Бүгүн, 18-майда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев жана анын тарапташтарынын иши боюнча соттук угуу башталды. Отурум Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда болуп жатканын бир катар маалымат каражаттары жазышты.

Айта кетсек, иш жабык каралат. Анткени ИИМ ишке "жашыруун" деген гриф койгон.

Ташиев Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталууда. Мындай беренелер менен Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен экс-депутат Курманкул Зулушевге да айып тагылган.

Ал эми "75чилер" иши менен кармалган Бекболот Талгарбеков, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаев, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашев жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен айыпталууда.

Эске салсак, 9-февралда мурдагы саясатчылар, мурдагы депутаттар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, быйыл президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан. 11-февраль күнү кайрылууга кол койгон Курсан Асанов, Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев, Эмил Узакбаев жана Бекболот Талгарбеков кармалышкан.

Парламент төрагасы Марлен Маматалиев "75 адамдын каты" Жогорку Кеңешке кантип киргизилгенин айтып берген.

Мандатынан кол жуугандар кимдер? Толук шилтемеден окуңуз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: