Токмокто ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды
Чүй облусунун Токмок шаарында ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 19-майда облустук милициядан билдиришти.Берилген маалыматка ылайык, 5-майда чыккан жаңжалдын негизинде Т.Д. аттуу жабырлануучуга оор жаракат келтирилген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө 2008-жылы туулган А.В. аттуу жаран кармалган. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















