super.kg logo

5-июндан тарта Ысык-Көлгө поезд каттап баштайт 

 

5-июндан тарта поезд каттамы кайрадан Ысык-Көл жээгине каттай баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкектен жөнөчү поезд Боом капчыгайы аркылуу өтүп, кооз жаратылышты көрүүгө шарт түзөт. Поезд сентябрь айынын ортосуна чейин каттап, жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтөт.

Каттамдын графиги:

• 5-июндан 21-июнга чейин - жума, ишемби жана жекшемби күндөрү;
• 26-июндан 13-сентябрга чейин - күн сайын.

Жөнөө жана келүү убактысы:

• Бишкек-2 бекетинен жөнөө - саат 08:06
• Балыкчы бекетине келүү - саат 12:12
• "Балыкчы пляж" токтоо пунктуна келүү - саат 12:37
• "Балыкчы пляж" бекетинен кайра жөнөө - саат 18:40
• Балыкчы бекетине келүү - саат 19:00
• Бишкек-2 бекетине келүү - саат 23:11

Бекеттин дареги: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 1А.

Жол киренин баасы:

• накталай төлөм - 180 сом;
• накталай эмес төлөм - 150 сом;
балдар үчүн билет (5 жаштан 10 жашка чейин):
• накталай төлөм - 90 сом;
• накталай эмес төлөм - 73 сом.

"Люкс" вагону
• накталай төлөм - 600 сом;
• накталай эмес төлөм - 500 сом;
балдар үчүн билет (5 жаштан 10 жашка чейин):
• накталай төлөм - 300 сом;
• накталай эмес төлөм - 250 сом.

"ВИП" вагону
• накталай төлөм - 1000 сом;
• накталай эмес төлөм - 800 сом;
балдар үчүн билет (5 жаштан 10 жашка чейин):
• накталай төлөм - 500 сом;
• накталай эмес төлөм - 400 сом.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: