Тегеран АКШнын берген жообун караштырып жатат
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Багаи Тегеран АКШнын акыркы сунушуна берген жообун карап жатканын билдирди. Бул тууралуу Nour News агенттиги маалымдады.
"Ирандын 14 пункттан турган резолюциясынын баштапкы тексти негизинде билдирүүлөр бир нече жолу алмашылды. Биз америкалык тараптын пикирлерин алдык жана аларды изилдеп жатабыз",- деген ал.
Агенттиктин маалыматына ылайык, Вашингтон менен Тегеран ок атышууну токтотуу боюнча сунуштарды Пакистан аркылуу алмашууда.
Буга чейин "Тасним" маалымат агенттиги жеке булагына таянып, АКШ Иран мурда жөнөткөн сунуштарга жоопту Пакистан аркылуу бергенин кабарлаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















