Филиппинде курулуп жаткан имарат кулап, 40ка жакын адам камалып калды
Филиппиндин түндүгүндөгү Анжелесте курулуп жаткан тогуз кабаттуу имарат кулап, 30дан 40ка чейин жумушчу камалып калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, окуя болгон жерде издөө-куткаруу иштери жүрүүдө. Кулап түшүүнүн себеби аныкталууда.
Анжелес бийлиги кеминде 24 адам куткарылганын билдирген. Жергиликтүү жаңылыктар агенттиктеринин маалыматы боюнча, мурунку күнү шаарда катуу жаан-чачын жана катуу шамал болгон, бул кулап түшүүгө өбөлгө түзгөн болушу мүмкүн. Куткаруу иштерине электр зымдарынын үзүлүшү жана урандылардын борборуна жетүүнүн чектелүүлүгү тоскоол болуп жатканы кабарланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















