super.kg logo

Австрияда абадагы коркунучтуу кырсык: Параплан менен учак кагышты

 

Австриянын түндүгүндөгү Шмиттенхёэ тоосу аймагында укмуштуу окуя катталды. Камералар абада учуп бара жаткан парапландын үстүнө чакан учак сүзүп кирген учурду тартып алган.

Маалыматка ылайык, 44 жаштагы Сабрина аттуу аял параплан менен учуп жүргөн учурда, кичи учак түз эле анын парапланынын борборуна урулган. Кагылышуудан кийин учак бир нече секунд парапландын аркандарына илинип калган.

Бирок аял өзүн жоготпой, чырмалышкан аркандардан бошонуп чыгып, экинчи кошумча парашютун ачууга жетишкен. Ал жерге аман-эсен конгон соң бир аз убакыттан кийин полициянын тик учагы тарабынан куткарылган.

Сабрина социалдык тармактагы баракчасына:

"Азыр тирүү отуруп, бул текстти жазып жатканыма дагы эле ишене албай турам. Оор жаракат алган жокмун, болгону бир нече көгала тактар бар", - деп жазган.

Ал эми 28 жаштагы учактын пилоту кагылышуудан качып кетүүгө мүмкүн болбогонун билдирген. Ошого карабастан, ал учакты жакынкы аэропортко ийгиликтүү кондура алган.

Бактыга жараша, окуянын эки катышуучусу тең аман калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: