Ошто жаңы 4 тилкелүү жол курулуп жатат
Ош мэриясы шаардагы жол тыгындарын азайтуу багытында дагы бир маанилүү долбоорду ишке ашырууда.
Шаар мэриясынан билдиришкендей, бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Раззаков жана Касымбеков көчөлөрүнө чыгуучу кошумча жолдун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Учурда объектте иштер графикке ылайык жүргүзүлүп жатат. Жаңы жол 4 тилкелүү болуп, жалпы узундугу 1,5 чакырымды түзөт. Долбоор аяктагандан кийин унаа агымы жөнгө салынып, автоунаалардын эркин жүрүүсүнө шарт түзүлөт.
Шаар башчысы курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруп, жумуштарды ылдамдатууну тапшырды. Ошондой эле ал ишкерлерге кайрылып, шаар бийлиги мыйзамдуу иш алып барган ишкерлерди ар дайым колдой турганын белгиледи.
“Биз ишкерлерди колдойбуз. Бирок колдоо деген мыйзамсыз контейнер коюп, башаламан соода жүргүзүүгө уруксат берүү эмес. Эгер мыйзамдан аша чапсаңар, токтотууга мажбур болобуз”, - деди мэр.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















