super.kg logo

Айгүл Жапарова президенттик лицейдеги салтанатка катышты

 

Биринчи айым Айгүл Жапарова бүгүн, 25-майда Акылман президенттик лицейи өткөргөн акыркы коңгуроо аземине катышты.

Маалыматка ылайык, салтанат Чолпон-Ата шаарында өтүп, ага лицейдин бүтүрүүчүлөрү, мугалимдер жана ата-энелер катышты. Биринчи айым өз сөзүндө Акылман лицейинде өлкөнүн жети дубанынан келген эң мыкты жана таланттуу окуучулар билим алып жатканын белгиледи.

Кайсы доорду албайлы, коомдун өнүгүүсү билим жана тарбия менен байланыштуу. Ири ийгиликтерге да дал ушул билим аркылуу жетүүгө болот”, - деди Айгүл Жапарова.

Ошондой эле ал бүтүрүүчүлөрдү окууну ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, алардын келечектеги максаттарына жана чоң жеңиштерге жетишине тилектештигин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: