Курулуш нормаларын бузган компания жоопко тартылды
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Нарын облусундагы курулуш объектилерин текшерүүнү улантууда.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө Кочкор районунун Кочкор айылындагы ичүүчү таза суу тутумун куруу иштеринде техникалык регламенттер жана курулуш нормалары толук сакталбаганы аныкталган. Адистер бул кемчиликтер объекттеги коопсуздукка жана аткарылып жаткан иштердин сапатына терс таасир тийгизиши мүмкүн экенин белгилешти.
Анын негизинде курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Метаг Иншаат Тиджарет Аноним Ширкети” компаниясына Бузуулар жөнүндө кодексинин 144-беренесине ылайык 200 миң сом айып салынды.
Мындан тышкары аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.
Департамент курулуш иштерин жүргүзгөн бардык тараптарды мыйзам талаптарын жана курулуш нормаларын так сактоого чакырып, талаптарды бузуу жоопкерчиликке алып келерин эскертти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















