Манас шаарындагы Азаттык аянтында Айт намазы окулду
Бүгүн, 27-майда Манас шаарындагы Азаттык аянтында Курман айт майрамына карата Айт намазы окулду. Бул тууралуу шаардык кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ага облус башчысынын орун басары Уларбек Исмаилов, облус казысы Нематулла Жээнбеков, шаардык кеңештин өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
Айт намазы учурунда дин өкүлдөрү тарабынан баяндар айтылып, өлкөнүн тынчтыгы үчүн дубалар окулду.
Белгиленгендей, Айт намазын окуу үчүн 10 миңден ашуун шаар тургундары катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















