Бишкекте беш күн бою түрк тасмалары көрсөтүлөт
Бишкек шаарында 3-7-июнь күндөрү “Түрк кино күндөрү” маданий иш-чарасы өтөт.
Маданият министрлиги билдиргендей, бул күндөрү кыргыз көрүүчүлөрүнө түрк кинематографиясынын мыкты тасмалары акысыз көрсөтүлөт.
Ошондой эле программада университеттик жолугушуулар, белгилүү режиссёрлор жана продюсерлер менен чыгармачылык талкуулар, маданий экскурсиялар жана киноиндустриядагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналган кесиптик иш-чаралар каралган.
Фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземи 3-июнда “Ала-Тоо” кинотеатрында өтөт. Ачылышка Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин Кино боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Бирол Гювен катышат. Ачылыш күнү көрүүчүлөргө “Mutluyuz Mu” тасмасы сунушталат.
Мындан тышкары, фестивалдын алкагында “Mutluyuz Mu” тасмасынын башкы актёру Ибрагим Бюйюкака, продюсери Хасан Корай Шахин жана сценарист-режиссёру Мурад Эмре Каман көрүүчүлөр менен жолугушат. Ошондой эле салтанаттуу ачылышка “Bak Postacı Geliyor” тасмасынын башкы актрисасы Дениз Барут жана режиссёр Юксел Аксуу катышары күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















