super.kg logo
  Саясат  

Нурланбек Тургунбек уулу "75чилердин каты" менен таанышпаганын айтты

 

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу "75чилердин каты" менен таанышпаганын айтты. Ал бул тууралуу бүгүн, 28-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда өтчү отурумга кирип бара жатып журналисттерге билдирди.

"Ал катты көргөн да эмесмин, окуган да эмесмин. Мен анда Түркияда иш сапары менен жүргөм. Ал кат эч кандай колдон-колго өткөн эмес, каттар бөлүмү аркылуу эле келген",- деди ал. Соттук отурум "75 адамдын каты" боюнча козголгон кылмыш иши боюнча өтүүдө.

Эске салсак, 9-февралда мурдагы саясатчылар, мурдагы депутаттар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, быйыл президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан. 11-февраль күнү кайрылууга кол койгон Курсан Асанов, Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев, Эмил Узакбаев жана Бекболот Талгарбеков кармалган.

Парламент төрагасы Марлен Маматалиев "75 адамдын каты" Жогорку Кеңешке кантип киргизилгенин айтып берген. Ал кат Тургунбек уулунун колуна тапшырылганын белгилеген.

Видео соцтармактан алынды








Нурланбек Тургунбек уулу "75чилердин каты" менен таанышпаганын айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: