Жылнаама: Ата-энелердин бүткүл дүйнөлүк күнү
Ата-энелердин бүткүл дүйнөлүк күнү (Global Day of Parents) — 2012-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 66-сессиясында кабыл алынган. 2013-жылдан тартып 1-июнда жыл сайын белгилене баштаган.
Майрамдын максаты — жашоочуларга жалпы адамдык жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды эскертүү. Анткени үй-бүлө, биринчи орунда ата-эне балдардын коопсуздугуна, аларга тарбия берип коргоого жооптуу.
Өзүнүн расасы, дини, маданияты жана этностук айырмачылыктарына карабай ата-эне балдарынын негизги тарбиячысы, мугалими болуп саналат. 1-июнда Ата-энелер күнү жана Балдарды коргоо күнүнүн белгилениши символикалык түрдө үй-бүлөгө байланыштуу болушу жөн жерден эмес. БУУнун Башкы Ассамблеясы бул күндү белгилөөгө бардык мамлекеттерди чакырып келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















