Өлкөдө жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди
Өлкөдө 1-июндан 1-сентябрга чейинки мезгилде 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди. Бул тууралуу 1-июнда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.Маалым болгондой, чектөө абанын күндүзгү температурасы +28 градус же андан жогору болгон учурда саат 10:00дөн 20:00гө чейин киргизилет. Мындай чаралар төмөнкү унаа каражаттарына жайылтылбайт:
- Жүргүнчүлөрдү ташуучу;
- Гуманитардык жардамды ташууларга;
- Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташууларга;
- Берилген атайын уруксаттын негизинде ири көлөмдүү жүктөрдү ташууга;
- Министрлик тарабынан жалпы пайдалануудагы унаа жолдорун курууга, реконструкциялоого тартылган жол органдары жана подряддык ишканалардын жол иштерин жүргүзүү үчүн ордер боюнча белгиленген жолдордун тилкелеринде.
Убактылуу чектөө жай мезгилинде өлкөдөгү унаа жолдорунун сакталышын камсыз кылуу жана алардын пайдалануу мөөнөтүн узартуу максатында кабыл алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















