super.kg logo

Президент жатак-мектептеринин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушту

 

Бүгүн, 1-июнда өлкө башчы Садыр Жапаров ата-энесинин камкордугунан ажыраган, интернат тибиндеги балдар мекемелердин бүтүрүүчүлөрүнүн жашоо шарттары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.

Маалымдалгандай, Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай фондунун базасында толугу менен мамлекеттик камкордукта болгон тоголок жетимдер үчүн убактылуу жашоо уюштурулган. Алар окуу жайлардын жатаканаларынан чыгарылгандан кийин аталган жайларда башпаанек ала алышат. Батирлер балдарга жана кыздарга арналган эки блоктон турат.

"Учурда бул жайда 16 жаштан 18 жашка чейинки 25 бүтүрүүчү (10 жигит жана 15 кыз) жашайт. Алар Бишкек шаарындагы, ошондой эле Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарындагы мектеп-интернаттардын жана кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрү болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Президент турак жайларды көрүп чыгып, жаштардын жашоо тиричилик шарттары менен таанышып, алар менен баарлашты. Ошондой эле алардын билим алуу жана келечектеги кесиптик пландары тууралуу сүйлөшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: