Жанар Акаев Акжол Махмудовго акчалай сыйлык тапшырды
Ош шаарынын мэри Жанар Акаев белгилүү балбан Акжол Махмудовду жана анын жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовду кабыл алды. Бул тууралуу калаа бийлиги кабарлады.Маалымдалгандай, жолугушууда шаар мэри спортчуну жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, алдыдагы мелдештерине ийгилик каалаган. Өз кезегинде Акжол Махмудов көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да Кыргызстандын желегин бийик көтөрүүгө аракет кыларын айткан.
Жолугушуунун соңунда Акжол Махмудовго 100 миң сомдук, ал эми Мейрамбек Ахметовго 50 миң сомдук сертификат тапшырылган. Ошондой эле мэр жакынкы айларда Акжол Махмудовдун катышуусунда Ош шаарында ири спорттук иш-чара өткөрүлөрүн белгилеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:30
2026-06-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















