Чымкоргондогу психиатриялык ооруканада олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Чүй облусунун Чымкоргон айылындагы Республикалык психиатриялык ооруканадагы бейтаптардын укуктарынын сакталышы жана дарылануудагы шарттары менен таанышты.
Кыйноолорду алдын алуу максатында жүргүзүлгөн мониторинг ооруканадагы бир топ системдүү көйгөйлөрдү аныктады.
- Орун жетишсиз. Бейтаптарды кабыл алып, аларды жайгаштырууда санитардык талаптар аткарылбайт;
- Оорукананын имараты эскирген абалда жана капиталдык оңдоону талап кылат;
- Соттолгон адамдар мажбурлап дарыланып жаткан бөлүмдөрүндө атайын күзөт жок;
- Оңдоо иштери жүрүп жатканына карабастан, ашкана кызматкерлери “Дарылоо-алдын алуу уюмдарына карата санитардык-эпидемологиялык талаптарды” бузуп, тамак-аш даярдашкан.
- Соттолгондор менен соттук-психиатрилык экспертизадан өтүп жаткандарды кайтарган атайын күзөт жок. Бул милдет медицина кызматкерлерине жүктөлгөн.
Ошондой эле мурда соттор өздөрү ооруканага келип, бейтаптын мажбурлап дарылоо мөөнөтүн узартуу же токтотуу боюнча чечим кабыл алышчу. Ал эми бул иштерге медицина кызматкерлери жооптуу. Алар өздөрү бейтаптарды сотко же алыскы райондорго алып барышат.
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча акыйкатчы саламаттыкты сактоо министрлигине укук бузууларды жоюу боюнча сунуштарды жөнөткөн. Министрлер кабинетине психиатриалык стационарды ЖАМКнын атайын бөлүктөрүнүн кайтаруусуна алуу жана соттолгондордун мажбурлап дарылоо процесси боюнча аналитикалык кат жөнөтүлгөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















