Бишкектик спортчулар Азия Кубогунда байгелүү орундарды багындырышты
Бишкектик спортчулар Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн дзюдо боюнча Азия Кубогунда байгелүү орундарды багындырышты. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы кабарлады.
Маалымдалгандай, 29–31-май күндөрү турнир жаштар жана кыздар арасында өткөн. Мелдешке 12 мамлекеттен келген 503 спортчу катышып, ар кандай салмак чендериндн күч сынашкан.
Турнирдин жыйынтыгында Бишкек шаарындагы спорт мектептеринин тарбиялануучулары ийгилик жаратышкан:
- Мелисов Данияр (90 килограмм салмак ченинде) – 1-орун;
- Турдажиева Акмаржан (78 килограмм) – 2-орун;
- Полтушев Даут (100 килограмм) – 3-орун;
- Айтматов Бексултан (100 килограмм) – 1-орун.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















