Ысык-Көлдө кол күрөш боюнча Азия чемпиондугу өтөт
5-14-июнь күндөрү Ысык-Көлдө армрестлинг боюнча 24-Азия чемпиондугу жана пара-армрестлинг боюнча 23-Азия чемпиондугу өтөт.Дене тарбия жана спорт агенттиги билдиргендей, мелдеш Корумду айылындагы “Solemar” мейманканасынын конференц-залында уюштурулат. Биринчиликтин алкагында сол жана оң кол боюнча мелдештер өткөрүлүп, жалпы 291 категорияда жеңүүчү аныкталат. Мындан тышкары, спортчуларга 873 медаль, 888 диплом жана 15 кубок тапшырылат.
Азия чемпиондугу Азиянын жана Кыргызстандын армрестлинг федерациялары тарабынан уюштурулууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















