super.kg logo

Бишкектеги 16 кабаттуу курулушта мыйзам бузуулар аныкталды

 

Бишкек шаарынын Абдумомунов көчөсү, 299 дарегинде курулуп жаткан 16 кабаттуу турак жай объектисинде бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш аянтчасы талапка ылайык иретке келтирилбегени, автордук көзөмөл журналы жүргүзүлбөгөнү, айрым курулуш иштери долбоордук документацияга туура келбегени жана котловандын бекемделиши камсыздалбаганы белгилүү болду.

Аталган мыйзам бузуулар боюнча курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «НБК Курулуш» ЖЧКсына акт түзүлүп, кемчиликтерди жоюу үчүн 3 күндүк мөөнөт берилди.

Департамент курулуш иштерин жүргүзгөн бардык субъекттерди курулуш ченемдерин жана талаптарын так сактоого чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: