Мьянмадагы жарылуудан кеминде 55 адам каза болду
Мьянманын түндүк-чыгышында, Кытай менен чектеш аймакта жардыргыч заттар сакталган кампада күчтүү жарылуу болуп, кеминде 55 адам каза тапты.
Маалыматтарга караганда, ондогон адамдар жаракат алып, курмандыктардын арасында балдар да бар. Натыйжада 100дөн ашык турак жай толугу менен кыйрап же олуттуу зыянга учураган.
Учурда куткаруучулар урандылардын алдында калган адамдарды издөө иштерин улантууда.
Аймакты көзөмөлдөгөн Таанг улуттук боштондук армиясы (TNLA) жарылууга кен казууда колдонулган жардыргыч заттар себеп болгонун билдирди. Бул аймак рубин кендери менен белгилүү. Окуянын так себептери азырынча аныктала элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















