Жол кырсыгынан кийин Ошко качып бараткан айдоочу камакка алынды
Кечээ, 1-июнда Ош облусундагы Өзгөн - Мырза-Аке унаа жолунда жол кырсыгына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.Маалыматка ылайык, шектүү Манас көчөсүндө токтоп турган Kia K5 үлгүсүндөгү унааны сүзүп, окуя болгон жерден Ош шаары тарапка качып кеткен. Айдоочу милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, бир нече посттон токтобой өтүп кеткен. Кийинчерээк Кыргыз-Чек постунда Hyundai Porter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны сүзүп токтогон.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Mercedes-Benz C200 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалда экени аныкталды. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголду.
Жыйынтыгында 2008-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:26
2026-06-03
21:56
2026-06-03
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















