"Бир топчу уурдап албаган..." Ташиевдин тарапташы билдирүү жасады
"Регион" телеканалынын директорунун орун басары Өткүрбек Рахманов УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге карата 4 айдан бери каралоо жүрүп жатканын айтып чыкты.
"10-15 адам Камчыбек Ташиевдин эл ичиндеги кадыр-баркын түшүрүү багытында 4 айдан бери жан үрөп иштегени менен, жыйынтык алар күткөндөй болгон жок. Тескерисинче, элдин кыжырын келтирип, эки дос менен биргебиз деп отурган миллиондогон адамдарды экиге бөлүп-жарууга себеп болуп жатышканы дагы өкүндүрөт.
Камчыбек Ташиев бул жийиркеничтүү ишти кылып жаткан тараптарга бир дагы жаман сөз кайтарган жок жана эч кимден эч кандай жардам, колдоо же башка нерсени суранган да жок. Элге чыгып арызданып, кайрылган да жок. Болгону баары мыйзам чегинде болсун, айтылып жаткан, коюлуп жаткан айыптоолордо ким күнөөлүү болсо, мыйзам чегинде жообун берсин, мамлекетибизде туруктуулук болсун деп гана кайрылды. Урматтуу президентибиз Садыр Жапаров дагы баары мыйзам чегинде гана болот деп кесе айтты. Бирок баягы топ дагы эле токтогон жок...
Тергөө иштери жүргүзүлдү, ошол эле “Кыргызнефтегаз” боюнча дагы, 75 адамдын каты боюнча дагы, башка нерселер боюнча дагы баары аныкталып, такталып, ар ким өз аракетине жараша юридикалык баасын алат. Камчыбек Ташиев мамлекеттен миллиондор мында турсун, бир топчу уурдап албаганын так кесе айтканын билесиздер. Жана башка айтылып жаткан айыптоолор боюнча дагы күнөөсү жок экенин айтканын уктуңуздар.
Эми калганы тийиштүү органдардын гана иши. Андан эч ким эч жакка качып кетип жаткан жери жок жана качып кетпейт дагы", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:03
2026-06-03
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















