Камила Талиева мугалимдерди оңдоо иштерине тартуулар болуп жатканын айтты
Бүгүн, 3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева өкмөттү мугалимдерди мектептин класстык бөлмөлөрүн оңдоо иштеринен бошотуу боюнча бирдиктүү чечим кабыл алууга чакырды.
Ал оңдоо иштерине мамлекет тарабынан каржы бөлүнгөнү менен дагы деле мугалимдер жумушка тартылып жаткан учурлар бар экенин айтты.
"Кээ бир жерлерде предметтик мугалимдерге өз класстарын оңдоо тапшырмалары коюлуп жатат. Анда оңдоо үчүн бөлүнгөн акчаларды райондун жетекчилери кайда иштетип жатышат? Мугалимдер классты оңдоо менен эмес, балдарды окутуу, тарбиялоо менен алек болушу керек",- деди эл өкүлү.
Камила Талиева мугалимдерди оңдоо иштерине тартуулар болуп жатиканын айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:03
2026-06-03
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















