"Сөзүңөргө тургула да!" Спикердин ачуусунан улам мыйзам долбоору күн тартибинен алынды
Бүгүн, 4-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүчү мыйзам долбоору үчүнчү окууга киргизилди.
Талкууда депутаттар берген сунуштары эске алынбаганын белгилешти. Мындан улам парламенттин төрагасы Марлен Маматалиев мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салууну сунуштады.
"Өткөндө бир топ айтылган сунуштарды эске алууну убада кылгансыңар. Айткан сөзүңөргө тургула да! Ар бир депутат менен иштешип чыккыла",- деди спикер.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорун күн тарбинен алып салуу сунушу бир добуштан колдоо тапты.
"Сөзүңөргө тургула да!" Спикердин ачуусунан улам мыйзам долбоору күн тартибинен алынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















