super.kg logo
  Саясат  

Депутат абакта төрөлгөн балдардын келечегине тынчсызданды (видео)

 

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков парламент жыйынында абакта төрөлгөн балдардын келечегине тынчсыздануусун билдирди.

Айтымында, Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жети эне абактарда жана убактылуу кармоочу жайларда көз жарып, балдарын чоңойтуп жатышат.

"Алар балдары менен жазаларын өтөп жатышат. Туура, өз жазаларын алышы керек. Бирок ошол жердеги балдардын укугун кантип коргойбуз? Алардын энелеринин кылмыш иштерине эмне тиешеси бар? Ал дагы өзүнчө адам да. Кылмыш-жаза кодексинде баласы 14 жашка чыкмайынча жаза мөөнөтүн алдыга жылдырып коюу деген берене бар. Муну менен көп адамдар колдонуп келген. Эмне себептен бул нерсе аялдарга колдонулбайт?",- деп акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кайрылды.

Акыйкатчы мыйзамда абакта төрөлгөн наристе 3 жашка чейин энесинин жанында болууга ураксат берилерин, мында эненин каалоосу эске алынарын билдирди.






Депутат абакта төролгөн наристелердин келечегине тынчсызданды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: