Бүгүн Жерди күчтүү магниттик бороон капташы мүмкүн
Бүгүн, 4-июнда кечинде Жерди G3 деңгээлиндеги күчтүү магниттик бороон капташы мүмкүн. Бул тууралуу Орусиянын Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун Күн астрономиясы лабораториясы жазды.
3-июнда Күндө бир нече ири плазмалык жарылуулар катталган. Алгач бир плазма агымы бөлүнүп чыккан болсо, андан 10 саат өткөн соң андан да күчтүүрөөк жарылуу болгон. Ылдам кыймылдаган экинчи агым биринчи агымды кууп жетип, экөө биригип болжол менен 200 миллион чакырымга жеткен зор плазма булутун түзгөн.
Адистердин айтымында, бул булуттун Жерди кыйгап өтүп кетүү ыктымалдыгы дээрлик жок.
Мындай күчтөгү магниттик бороон учурунда адатта асманда жаркыраган уюлдук нурлар байкалат. Бирок Түндүк жарым шардагы өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда, жай мезгили башталгандыктан түндөр жарык болуп, бул көрүнүштү көрүү кыйын болот. Ал эми Австралиянын, Түштүк Американын тургундары жана Антарктидадагы изилдөөчүлөр өзгөчө кооз сүрөттөрдү тартып алууга мүмкүнчүлүк алышат.
G3 деңгээлиндеги магниттик бороон күчтүү деп эсептелет, бирок эң жогорку деңгээлге кирбейт. Салыштыруу үчүн айтсак, быйыл март айында ушундай эле бороон катталса, январь айында андан да күчтүү G4 деңгээлиндеги бороон болгон.
Магниттик бороондор учурунда айрым адамдардын кан басымы өзгөрүп, башы ооруп, алсыроо, уйку басуу жана жалпы абалынын начарлашы мүмкүн. Өзгөчө жүрөк-кан тамыр оорулары бар адамдар жана аба ырайынын өзгөрүшүнө сезимтал жарандар ден соолугуна көңүл бурушу керек.
Адистердин белгилешинче, магниттик бороондун таасири дароо эмес, 2-3 күндөн кийин дагы сезилиши мүмкүн.
Бул мезгилде көбүрөөк эс алуу, жетиштүү уктоо, суу көп ичүү жана оор физикалык жүктөмдөрдөн алыс болуу сунушталат. Ошондой эле спирт ичимдиктерин, майлуу тамактарды жана кофени ашыкча колдонбоо керек.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















