Кыргыз делегациясы Эл аралык эмгек конференциясына катышууда
Кыргыз делегациясы 1–12-июнь күндөрү Швейцариянын Женева шаарында өтүп жаткан International Labour Organization уюштурган Эл аралык эмгек конференциясынын 114-сессиясына катышууда. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, делегацияны эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары М.К. Байгончоков жетектөөдө. Анын курамына Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясынын жана ЖИА бизнес ассоциациясынын өкүлдөрү да кирген.
Конференциянын алкагында кыргыз делегациясы Эл аралык эмгек уюмунун Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык директору Питер Ван Рой жана уюмдун башкы директорунун кабинет жетекчиси Беате Андреес менен жолугушуу өткөрдү.
Тараптар эмгек шарттарын жакшыртуу, татыктуу эмгекти өнүктүрүү, социалдык диалогду чыңдоо жана эмгекти коргоо боюнча эл аралык конвенцияларды ратификациялоо маселелерин талкуулашты. Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Эл аралык эмгек уюмунун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү боюнча пикир алышуу болду.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















