Садыр Жапаров: “Кыргызстан БУУнун Уставын өзгөртүү боюнча сунуштарды даярдоодо”
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына жана анын иш механизмдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды даярдап жатканын Кабар агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, бул тапшырма ушул жылдын февраль айында эле Тышкы иштер министрлигине берилген. Учурда кыргыз дипломаттары сунуштарды иштеп чыгуу үстүндө иштеп жатышат.
Мамлекет башчысы БУУнун кадыр-баркын жогорулатуу жана уюмдун бардык чечимдеринин аткарылышын камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле эл аралык санкциялар айрым мамлекеттердин өз алдынча чечими менен эмес, БУУнун алкагында кабыл алынышы керек деген пикирин билдирди.
Президенттин маалыматына караганда, Кыргызстан бул сунуштарды сентябрь айында БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында көтөрүүнү пландап жатат.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















