super.kg logo

Беларустун өкмөт башчысы Бишкектеги таштанды заводунун иши менен таанышты (видео)

 

Кечээ, 4-июнда Беларустун премьер-министри Александр Турчин Кыргызстандагы расмий сапарынын алкагында Бишкек санитардык полигонунун аймагына барды.

Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, шаар мэри Айбек Жунушалиев конокту тосуп алып, өткөн жылдын декабрь айында пайдаланууга берилген таштандыларды сорттоочу жайдын иши менен тааныштырды.

Беларустун өкмөт башчысы комплекстин иштөө схемасы сабаттуу жана натыйжалуу түзүлгөнүн баса белгилеп: "Бүтүндөй комплекс туура уюштурулган экен. Сиздерде калдыктарды кайра иштетүү маселелерин сарамжалдуу чечүүгө мүмкүндүк берген жакшы туюк цикл түзүлүптүр",- деди.
Иш сапарынын жүрүшүндө делегация калдыктарды кайра иштетүү менен электр энергиясын өндүрүүчү эко-технологиялык заводго да барды. Конокторго долбоордун ишке ашырылуу жүрүшү, анын өндүрүштүк кубаттуулугу жана борбор калаа үчүн экологиялык мааниси тууралуу маалымат берилди.
Долбоордун ишке ашырылышы учурда этап-этабы менен жүрүүдө. Экинчи этап аяктагандан кийин Борбордук Азиядагы эң ири катуу калдыктарды кайра иштетүү жана электр энергиясын өндүрүү долбооруна айланат.
Иш сапардын жыйынтыгында шаар мэри жолугушуу жана тажрыйба алмашуу эки тарап үчүн тең пайдалуу болуп, кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө салым кошорун белгиледи.





Беларустун өкмөт башчысы Бишкектеги таштанды заводунун иши менен таанышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: